04:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген кызды качырып, зордукташкан

Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген кызды качырып, зордуктап кетишкен. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары социалдык тармактарга билдиришти.

Алардын айтымында, 24 жаштагы кыз экинчи топтогу майып, 20 пайызын угуп, сүйлөбөйт.

Жабырлануучу сурак учурунда 29-июль күнү Каракол шаарындагы базарда эки адам аны таксиге салып, Ак-Суу айылына алып кетишкенин айткан. Ошол түнү аны эркектердин бири зордуктап, эртеси эртең менен сарайга алып барып, кезектешип зордукташкан.

«Эжемди 3 күн зордуктап, сабап, сарайга камап, мал кайтарууга, тамак жасаганга мажбурлашкан. Анын мээси чайкалган, буту сынган, денесинде бир дагы жан жери жок. Эжебизди Токтояндагы жайлоодон өзүбүз таптык. Кармоо учурунда кылмышка шектүүлөр мас абалында болушкан», — деп жазышкан жакындары.

Алар кылмышка шектүүлөр кармала электигин белгилеп, милициянын аракетсиздигине нааразы болушту.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы 24.kg басылмасына билдиргендей, 2-августта Каракол шаарынын тургуну 24 жаштагы кызын эки адам зордуктап салганын айтып арыз менен кайрылган.

Аталган факты катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н., КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде Түп РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

Экинчи шектүүнүн да өздүгү такталды. Ал Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган Б.Н. экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар