07:08
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Алматыдан келген алгачкы рейс Ысык-Көл эл аралык аэропортуна конду

Бүгүн Qazaq Air авиакомпаниясынын биринчи Bombardier Q400 NextGen учагы Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча Ысык-Көл эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу «МАМ» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи рейс менен 73 жүргүнчү келген.

Алматдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөт, кайра артка 1 саат болот.

Каттамдар дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Эң көп окулган жаңылыктар