12:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Малавинин вице-президентин ташыган аскердик учак жоголду

Чыгыш Африкадагы Малави өлкөсүндө вице-президент Саулос Чилиманы ташыган аскердик учак радардан жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, аткаминер менен дагы 9 киши болгон учакты издөө аракети башталды.

«Авиация бийликтеринин учак радардан жоголуп кеткенден бери аны менен байланышуу аракетинен азырынча майнап чыккан жок», — деп айтылат Малави президенттинин билдирүүсүндө.

Учактын жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.17де борбор шаар Лилонгведен учуп чыкканы белгиленди. Учакты издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар