Бүгүн № 5 Ноокат, № 36 Ысык-Көл жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2024-жылдын 29-юнунда саат 08:00дө аяктайт.
Аталган округдар боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен экөө аял.
Жалпысынан мөөнөтүнөн мурдай шайлоого 44 талап катышуу тууралуу арыз берген, анын ичинен 12 талапкер катышуудан баш тартып, 3 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.
Эске салсак, үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнга белгиленген.