08:10
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы алкаларды арттырууга байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Джумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Эң көп окулган жаңылыктар