18:53
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агентигине өлкө башчынын аппаратынан тастыкташты.

Башкы прокурордун отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек. «Прокуратуралар жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Башкы прокурор кызматтан Президент тарабынан бошотулат, бирок Конституциянын 70-беренесине ылайык, бул парламенттин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен ишке ашат.

Ал эми жаңы Башкы прокурор ким болоору азыр айтыла элек. Учурда президент Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жатат.

Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG