Эртең, 30-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +16...+21.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +24...+26 градус нөлдөн жогору.

