Кыргызстанда 1-июндан тарта «Учкун» ААК басмаканасынан чыгарылган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.
Анын айтымында,1-июндан тарта ата мекендик өндүрүштөгү паспорттор бериле баштайт.
Министрдин орун басары паспорттор сапаты жагынан мурдагыга салыштырмалуу жакшыраак экенин белгиледи.
Жыйында «Учкунда» даярдалган паспорттордун жаңы үлгүсү депутаттарга көрсөтүлдү.