03:59
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Путин Өзбекстанга барат

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-27-май күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Орусиянын жергиликтүү басылмаларына билдирди.

«Азырынча бүгүн-эртең Беларуста, жекшемби-дүйшөмбү күндөрү Өзбекстанда иш сапарда болорун айта алам», — деди Ушаков.

Орус лидеринин Өзбекстанга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар