Ысык-Көл районунун Кызы-Өрүк айылында үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майга караган түнү өспүрүмдөрдүн бири таятасына таандык Daimler Chrysler автунаасын уурдап чыккан. Кызыл-Өрүк айылынын чыгыш тарабындагы «Улан» эс алуу жайына баруучу жолдогу бурулушта айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кеткен.
Жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам (эркек балдар) окуя болгон жерден каза болгон.
Кырсык Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.