09:32
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Караколдогу жол кырсыгында бир аял каза болуп, беш киши ооруканага жаткырылды

Каракол шаарында  коркунучтуу кырсык катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгында бир аял каза болуп, беш адам ооруканага жаткырылды. Кырсык 19-майда саат 00.40 чамасында Каракол шаарындагы Карасаев жана Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

Коркунучтуу кырсык боюнча бардык материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, керектүү экспертизалар дайындалгандыгы айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар