10:15
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкектеги окуядан жабыркагандардын саны 41ге жетти

Бишкекте болгон окуядан кийин жалпысынан 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11 бейтап ооруканада дарыланууда.

Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун улантууда, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Мекеме 19-майда дагы сегиз чет элдик жаран медициналык жардам алууга кайрылып, Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылганын кошумчалады. Кечээ саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникага барып, алардын абалы менен таанышты. Экөөнө мурун сөөктөрү сынган деген диагноз коюлса, калгандарында жабык баш мээ жаракаттары, ооруксунуу болгон. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Министр жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү анын жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыркагандарды дарылоо жана керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бардык чыгымдар акысыз болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майда кечинде башталган чет элдиктерге каршы нааразылык акциясы 18-майдын таңында гана аяктаган. Милиция акциянын катышуучулары менен макулдашууга жетишип, Чүй проспектиси ачылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, башаламандык учурунда 29 адам жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар