07:13
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Октябрь окуяларында жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда жабыркаган жарандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, былтыр, декабрь айынын башында вице-премьер-министрлер Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов жабыркаган жарандар менен жолугушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркия дарыгерлери 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркия дарыгери өткөрөт. 2020-жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн. Эльвира Сурабалдиева ал үчүн өз айлык маянасын которуп берген.

Жакында 5-6-октябрдагы окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.

Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.

Өкмөт белгилегендей, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медицинналык көмөк көрсөтүү улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар