03:39
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Социалдык келишим. Эмгек министрлиги кошумча 200 миң сом насыя берүүнү планоодо

«Социалдык келишим» программасынын катышуучуларына кошумча 200 миң сомдон берүү пландалууда. Бул тууралуу социалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

Анын айтымында, акча насыя катары өз долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырган үй-бүлөлөргө берилет.

«Биз 100 миң сомдон баштаганбыз. Бул акча менен ийгиликтүү иш алып барып жаткан үй-бүлөлөр бар, аларга кошумча 200 миң сомдон насыя беребиз. Пайыздык чен мамлекет тарабынан төлөнөт. Эки банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, министрлер кабинетинин чечиминин долбоору даярдалууда», — деди Жылдыз Полотова.

Ал кошумчалагандай, насыя пайызсыз негизде берилет. Үч жылдын ичинде «Социалдык келишимдин» катышуучулары аны кайтарып бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар