Эртең, 14-майда борбордун түштүк-батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп, алты бурама тээкти алмаштырат.
Суу саат 9:00дөн 23:00гө чейин Ахунбаев, Поваринская, Серафимович, Садырбаев көчөлөрүндө, «Жал-15» кичи району, 30 дарегинде өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.