Кечээ окуучу кызды коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Буга чейин интернет айдыңында BMW үлгүсүндөгү автоунаа жол жээги менен бара жатып, окуучуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен видео тараган. ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Перехват» планы жарыяланган. Жол кырсыгы кечээ, 25-апрелде Чүй облусунун Селекция айылында катталган.
Укук коргоо органдарындагы булак унаа айдоочунун короосунан табылганын, ал эми өзү үйүндө жок болгонун айтты. Бүгүн эртең менен аны Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери таап, милицияга жеткиришкен. Облустук автоинспекциянын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирди.