USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алууга арыздар онлайн гана кабыл алынат

10:03, 24 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

1-майдан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар лицензиялоо жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өтүнмөнү аталган система аркылуу электрондук форматта тариздөө алыскы аймактардагы арыз ээлерине борборго келбестен, өз жеринде берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок, анын натыйжасында коррупциялык тобокелдиктер жоюлат.

«Эми жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтөт», — деп белгиледи мекеме.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика