03:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров «Франция-Борбордук Азия» достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды. Бул туурлауу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин, ал өлкөнүн тышкы саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде өз ара сапарларды, парламентарийлердин жолугушууларын уюштуруу өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Садыр Жапаров француз сенаторлорунун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Нарын, Каракол, Жыргалаң жана Ысык-Көлгө баруу ниетин кубаттады.

Ошондой эле президент Франция Сенатынын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, акыркы үч жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер тууралуу кыскача маалымат берди.

«Франция — Борбордук Азия» достук тобунун башчысы Эрве Морэ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөрдү, калктын бакубаттуулугунун деңгээлинин көтөрүлгөнүн жогору баалады. Франциянын Сенаты Кыргызстандын жетекчилигинин, анын ичинде Франция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган аракеттерин колдоого даяр экендигин белгиледи.

Эрве Морэ белгилегендей, бул сапар тараптардын саясий өңүттөгү эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө багытталган аракеттеринин жыйынтыктарынын бири болуп саналат.

Аягында тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү ишине өз салымын кошууга даяр экендигин тастыкташты.

Эң көп окулган жаңылыктар