Бишкекке 100 жаңы автобус келет. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Бишкектин вице-мэри Мирлан Байганчоков билдирди.
Анын айтымында, алардын жалпы баасы 12 миллион еврону түзөт.
«Демек, бир автобустун баасы 120 миң еврону түзөбү? Растаможка жана башка чыгымдар мененби?» - деп сурады депутат Кубанычбек Самаков.
Мирлан Байгончоков растаможка үчүн мамлекет төлөй турганын айтты.
Ал кошумчалагандай, жаңы автобустар тендер аркылуу сатылып алынууда, 12 метрлик кондиционер орнотулгандыктан баасы кымбат.