13:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тарыхый документке кол коюшат

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Астана шаарына болгон расмий сапардын алкагында Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчсынын басма сөз кызматы билдирди.

Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкынына байланыштуу боордоштук гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал тараптар тарыхый документке — союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюп жатканын, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жыл сайын кеңейип жатканын айтты. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү 1,5 миллиард долларга жетип, 26 пайызга өскөн. Ал бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга чейин көтөрүү керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров Казакстан эң жакын коңшу, Кыргызтсандын тышкы саясатындагы өзгөчө артыкчылыктуу орунга ээ болгон боордош мамлекет экенин белгиледи.

«Кыргыз жана казак элдерин нечен кылымдардан бери келе жаткан достук, боордоштук, ынак коңшулук, орток маданий, руханий, диний баалуулуктар жана каада-салттар байланыштырып турат», — деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Тараптар жакынкы келечекте ишке ашырыла турган күн электр станцияларын, ферросплав заводун, индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу сыяктуу эки тараптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар