13:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Жаңы театрдын имаратынын курулушу 2022-жылы жайында башталган. Эки кабаттуу объекттин жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метрди түзөт жана 300 орундуу концерттик залы бар.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

«Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Калык аталардай ак таңдай төкмөлөрүбүз акындык өнөрдүн күчү, комуздун кылы менен руханий байлыктарды сактап калууга түздөн-түз таасирин тийгизген залкарлар болгон», — деди Садыр Жапаров

Президент Эшеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Болот Юнусалиев жана Түгөлбай Сыдыкбеков тилибизди жана эпосубузду «жаман сөздөн, жаман көздөн» сактап, коргоп, ар тараптан изилдеп, китеп кылып чыгарып, урпактарга жеткиргенин кошумчалады.

Садыр Жапаров ушул асыл инсандардын калтырган мурасы жөн эле руханий байлык эмес, кийинки урпактарга калтыра турган баа жеткис таберик экенин эстен чыгарбоо керектигин айтты. Дал ушул себептерден «Манас» театрын түзүү демилгеси келип чыккан.

«Аз гана убакыт өтсө дагы аталган театрдын өнөрпоздору камчы салдырбай иштеп, бир нече республикалык, эл аралык деңгээлдеги айтыш, кароо-сынак, фестиваль, концерттерди өткөрүү менен жамы журтка таанылып чыга алышканы кубандырат. Бул жаш театр креативдүү долбоорлору менен ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондусу, Маданий шериктештик фонду, Интерньюс сыяктуу эл арлык уюмдар менен кызматташа баштады», — деди президент.

Ал демилгелүү жаштардын иш-аракеттерин ар тараптан колдоо максатында «Манас» театрына жаңы имарат салып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

Садыр Жапаров театрдын жаңы имараты менен таанышып, «Семетейдин анты» прологун көрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар