19:31
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде кошуна өлкөгө расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак алакаларынын өнүгүү келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары президент Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат.

«Сапарга карата «Кыргызстан — Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар