23:44
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкектен Шаржа жана Дубайга аба каттамдары токтотулду

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шаржа жана Дубайга аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Ал эми Абу-Дабиге уча турган каттам кармалып жатат. Анын учуу убактысы бүгүн саат 18.50гө жылдырылды.

Эске салсак, Дубайда катуу бороон болуп, суу каптады. Шаарда коркунучтун кызгылт сары деңгээли жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар