04:26
USD 88.02
EUR 95.49
RUB 0.97

Түштүк борбор калаадагы тумандан улам Бишкек — Ош каттамы кармалууда

Аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган Бишкек — Ош багыты боюнча авиакаттам кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Ош — Стамбул багыты боюнча каттам да токтотулду.

Аэропорттун маалыматына ылайык, учурдагы учуу көрүнүшү 76 (горизонталдуу) жана 60 (вертикалдуу) метрди түзөт.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы
Фото "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы

Учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар