19:10
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Улуттук илимдер академиясы кардиналдуу реформага муктаж — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Улуттук илимдер академиясын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.

Өлкө башчысынын айтымында, коомго пайдалуу илимий ачылыштар болушу үчүн реформаларды жүргүзүү зарыл. Бул үчүн мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

«Буга чейин тээ союз мезгилинен бери биздин жеңил өнөр жайыбыз жакшы эле өнүгүп, оор өнөр жайыбыз таптакыр өнүкбөптүр. Байкасам бир дагы техниканы 100 пайыз өзүбүздөн чыгара албайт экенбиз. Заманбап техникаларды айтпай эле коёюн. Илгерки союз мезгилиндеги жөнөкөй техникаларды 100 пайыз өзүбүздөн чыгара албайт экенбиз. Азыркы модалуу сөз менен айтканда «Отвёрточная сборка» менен гана алектенет экенбиз. Коңшу мамлекеттер космоско учабыз деп жатышат. Биз болсо велосипед чыгара албайбыз. Ошондуктан Улуттук илимдер академиясын болушунча максималдуу түрдө иштетели деген планыбыз бар. Бизде 39 академик бар экен. Баягы эле китеп жазуу, айыл чарбалык иштерин изилдөө, кен-байлыктарды изилдөө сыяктуу майда-чүйдө иштер менен алек болушат экен. Илимдер академиясын сөзсүз түрдө сактап калуубуз абзел. Бул жөнүндө башка пикир болушу дагы мүмкүн эмес. Башка маселе, анын статусу, формасы менен мазмуну кандай болушу шарт?», — деди ал.

Президент азыр дүйнө жүзү алдыңкы илимий технологиялар боюнча катуу аракеттерди жасап жатканын белгиледи. Илим менен техникага өнүгүү приоритетин берген өлкөлөр укмуш ийгиликтерди жаратууда. Азыр алдыңкы орунга нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы чыгып отурат. Жасалма интеллект менен алектенген аракеттер кеңири кулач жаюуда.

«Аталган алдыңкы технологиялардан биздин академия эмне үчүн артта калуусу керек? Мен бул багытта катуу талап коюп жатам. Илимдер академиясынын негизиги милдети — бул фундаменталдык илимдерди өрчүтүп, анын колдонмо функцияларын күчөтүү эмеспи? Биз бул багытта академияны каржы жагынан толук кандуу колдоого даярбыз. Ал үчүн алар өздөрү азыркы абалдарын кескин түрдө жакшыртуу аракеттерин көрүшү зарыл. Өз тагдырларын жана академиянын келечегин өздөрү гана түптөй алышат. Ал жерде илимий кадрларды даярдоо маселелери начар экен», — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаровдун айтымында, 2022-жылы «Эл үмүтү» стипендиясы боюнча 9, ал эми 2023-жылы болсо 17 жаш талант сертификат алып, чет мамлекеттерге жөнөтүлгөн. Алар Илимдер академиясынын кадрлар резервинде болуп калышат. Ошондуктан академия өзү дагы ушундай демилгелерди колго алуусу керек. Айрыкча, табигый жана техникалык илимдерди изилдөөнү күчөтүү зарыл.

«Эмне үчүн физика, математика, химия жана биология багытындагы илимий институттардын дымы чыкпай жатышат? Ооба, мен түшүнөм. Аларга заманбап, илимий куралдар, реактивдер, приболор жана башка жабдыктар жетишсиз болуп жатыптыр. Бирок, биз каржы маселесин чечүүгө аракеттерди көрүп жатабыз го? Башка маселе кайсы багыттарга приоритет берүүгө жөндөмдүүбүз? Ошону академиктер так көрсөтүшсүн. А биз болсо, анализдеп көрүп жардам беребиз», — деди Садыр Жапаров.

Ал академия кардиналдуу реформага муктаж экенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар