19:26
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майдан башталат

«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майдан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, документтер 30-майга чейин онлайн форматта кабыл алынат.

«Эл үмүтү» стипендиясына конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын магистратурада окууга 40 жашка чейинки, докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет.

Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
  • паспорт/өздүк күбөлүк;
  • транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
  • программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
  • жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор жана башкалар менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
  • эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же мекемелик конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

«Эл үмүтү» стипендиясынын максаты —Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

«Эл үмүтү» стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия берилет.

Сынак жана талаптар жөнүндө кененирээк Билим берүү министрлигинин сайтынан билүүгө болот.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-майында мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Эл үмүтү» президенттик стипендиясын негиздеген. Аны алуу шарттары Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жарыяланган. Ал жерде мамлекет каржылоого даяр болгон алдыңкы 100 университеттин тизмеси келтирилген. Жылдык стипендиянын өлчөмү 50 миң доллардан ашпоого тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар