12:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Билим берүү гранттары. Кайсы абитуриенттерге квоталар каралган

2024-2025-окуу жылына карата бериле турган 10 миң мамлекеттик билим берүү грантынын жалпы санынан өзүнчө квоталар каралган. Бул тууралуу коомдук талкууга чыгарылган министрлер кабинетинин токтом долбоорунда айтылат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, квоталар төмөнкүдөй бөлүнгөн (адистиктер боюнча бөлүштүрүүсүз):

  • жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн 50 гранттык орун;
  • мамлекеттер аралык кызматташуу боюнча макулдашуулардагы милдеттенмелерди аткаруу жана президенттин жарлыктарын аткаруу үчүн 632 гранттык орун;
  • чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 гранттык орун;
  • I, II группадагы майып жарандарды, согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына берилүүчү жеңилдик менен кепилдиктерине теңдештирилген адамдарды, бала кезинен майыптарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды окууга кабыл алуу үчүн 500 гранттык орун;
  • 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болгон окуялардын кесепетинен каза болгон адамдардын балдары жана кыйрылман статусу бар жарандар үчүн 22 гранттык орун бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-24-майда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар