02:16
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Быйыл жогорку окуу жайларына 10 миң гранттык орун берилет

2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына 10 миң гранттык орун берилет. Бул тууралуу коомдук талкууга чыгарылган министрлер кабинетинин токтом долбоорунда айтылат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, гранттык орундардын санын көбөйтүү социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн таланттуу абитуриенттери үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат жана өлкөдө адам капиталын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 Токтомдун долбоору менен 10 миң мамлекеттик билим берүү грантынын ичинен 7 миң 742 орунду Билим берүү жана илим министрлигине караштуу ЖОЖдорго бөлүү сунушталууда.

Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар аркылуу каржыланат: Ички иштер министрлиги — 130 грант, Саламаттыкты сактоо министрлиги — 490 грант, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 214 грант, Коргоо министрлиги — 125 грант, Тышкы иштер министрлиги — 20 грант.

Ошондой эле президенттин жарлыктары менен Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жана Ислам академиясы үчүн гранттык орундарды бөлүп берүү каралган.

Жогорку окуу жайлардын гранттык орундарды бөлүүгө өтүнмөлөрү ЖОЖдордун жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдерин эске алуу менен чогултулуп, жалпыланган. Өтүнмөлөрдү республиканын 25 мамлекеттик ЖОЖдору беришкен. ЖОЖдор тарабынан бардыгы болуп жумуш берүүчүлөр менен 12 миң 603 адисти даярдоого келишимдер түзүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-2027-жылдарга карата эмгек ресурстарына муктаждыктардын алдын-ала божомолунун жыйынтыгына ылайык 2023-2027-жылдар аралыгына 125,8 миңден ашуун адистер талап кылынат.

 Көбүнчө өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, кызмат көрсөтүү сектору, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында адистердин жетишсиздиги аныкталган.

Өткөн жылдары 6 миңге жакын мамлекеттик билим берүү гранттары бөлүнгөн. Билим берүү министрлигинин орточо эсеби боюнча, кошумча 4 миң гранттык орунга 2024-2025-окуу жылында 104 миллион сом керектелет.

Эң көп окулган жаңылыктар