20:39
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Башка тилдерге каршы болбошубуз керек

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев интернеттеги орус жана англис тилдериндеги контентке бөгөт коюу керектигин айткан. Президент Садыр Жапаров анын билдирүүсү боюнча «Кабар» агенттигине комментарий берди.

Өлкө башчысынын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баары эле колдойт. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер.

«БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде. КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү айтышат «Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз» деп. Мен акыркы үч жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: «Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле» деп. 

 Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз.

Садыр Жапаров 

 Балдарыбыздын жаш кезиненен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жака барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам», — деди ал.

Президент англис мектебин салам дегендер болсо да эшик ачык экенин белгиледи.

«Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдердин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнүшөт», — деп айтты ал.

Ал дүйнөнү кенен көз караш менен кароо керектигин, ал эми кыргыз тили эч качан өлбөй турганын, түбөлүк жашап, өнүгөрүн билдирди. 

«Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз.90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өлкө башчысынын айтымында, эч качан башка тилдерге каршы болбош керек жана кыргыз тилге да катуу көңүл бурулат.

«Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле? Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар