21:29
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Садыр Жапаров Эверестти багындырган Эдуард Кубатов менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Эверест чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту. Бул жөнүндө өлкө башычысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнү даңазалаган атамекендик спортчулардын ийгилигин жогору баалаарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантып, жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзөрүн айтты.

«Эдуард Кубатов жолугушуу үчүн президентке ыраазычылык билдирип, дүйнөдөгү 14 сегиз миңдик чокуларды багындыруу ичине кирген эң абройлуу жана татаал «Жер Таажысы» программасына катышкандыгы тууралуу айтып берди. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал — Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын билдирди. Ошол эле маалда чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, «сплит» режиминде жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Аягында президент Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар