18:59
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргызстандын эл аралык резерви дээрлик 3,5 миллиард долларга жетти

Март айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык резервдери 3 миллиард 491,16 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бул Улуттук банктын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Ага чейин рекорддук көрсөткүч 2024-жылдын февралында (3 миллиард 323,82 миллион доллар), 2021-жылдын сентябрында (3 миллиард 241,14 миллион доллар) жана 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) катталган.

24.kg
Фото 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын март айында эл аралык резервдер 2024-жылдын февралына салыштырмалуу 167,34 миллион долларга, ал эми жыл башынан бери 254,68 миллион долларга өскөн. Өткөн жылдын март айынын айырмаланып, 1 миллиард 1,46 миллион долларга же 40,2 пайызга көбөйгөн.

Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан. 2024-жылы Улуттук банк үч гана интервенция жасап, 31 миллион 850 миң доллар сатты, дагы бир жолу 9 миллион доллар сатып алды.

Эң көп окулган жаңылыктар