00:57
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Бишкекте төрөт учурунда келин каза болду. Министрлик иликтөө жүргүзүп жатат

Бишкектеги № 4 төрөт үйүндө (шаардык перинаталдык борбор) кесарево учурунда келин көз жумду. Маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева тастыктады.

Анын айтымында, келин төрөт борборуна кош бойлуулуктун 41-жумасында оор преэклампсия менен кайрылган. «Ал оор абалда шишик менен түшкөн, заарасында белок болгон. 5-февраль күнү эртең менен операцияга киргизилген, анткени балага да, аялдын ден соолугуна да коркунуч жаралган. Операция учурунда бардык реанимациялык иш-чараларга карабастан каза болду», — деди Раиса Асылбашева.

Бул маркумдун үчүнчү төрөтү болгон.

Раиса Асылбашеванын айтымында, баланын абалы оор, учурда жандандыруу бөлүмүндө.

Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума