Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген «Эне — балага тирек» коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районундагы 1 миң 100дөн ашык балага кийим-кече жана бут кийим тапшырды.
Жардам алуучалардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти.
Буга чейин мындай жардам министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт.