Улуттук банк марттын башынан бери экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Бул жөнүндө банктын сайтында билдирилди.
Бул жолу Улуттук банк 9 миллион доллар сатып алды. Белгилей кетсек, акыркы жолу банк валютаны 2022-жылдын июнь айында сатып алган.
Эскерте кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу жана курстун кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн интервенция жасап турат.