10:30
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Улуттук банк 2022-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу доллар сатып алды

Улуттук банк марттын башынан бери экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Бул жөнүндө банктын сайтында билдирилди.

Бул жолу Улуттук банк 9 миллион доллар сатып алды. Белгилей кетсек, акыркы жолу банк валютаны 2022-жылдын июнь айында сатып алган.

Эскерте кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу жана курстун кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн интервенция жасап турат.

Эң көп окулган жаңылыктар