15:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы өтөт

18-мартан 24-мартка чейин Кыргызстандын бардык аймактарында «Акча тапсаң сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMWKyrgyzstan2024 хештеги менен жайгаштырыла турган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, видеороликтери боюнча сынактарды жана башка ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) — бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания.

Эң көп окулган жаңылыктар