15:41
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстандын курамасы Люксембургду утту

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда (үчүнчү дивизион, А тайпасы). Беттештер «УТРК-Спорт» телеканалында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Турнирдин экинчи күнү Кыргызстандын курама командасы Люксембург командасын 7:3 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасы тайланддык атаандаштарына 9:4 эсеби менен жеңилип калган.

Кыргызстан 13-мартта Түркмөнстандын командасы менен ойнойт.

Ошондой эле Таиланд Мексиканы, ал эми Түркмөнстан Түштүк Африканы жеңди.

Эскерте кетсек, турнирдин жеңүүчүсү экинчи дивизионго көтөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар