Бүгүн Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 293-чакырымынан 306-чакырымына чейинки бөлүгүндө Коргоо министрлигинин артиллериялык эсебинин жардамы менен кар көчкү түшүрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Саат 11.00дөн 18.00гө чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын районунун Оттук айылына чейинки жолго чектөө киргизилет.
Бул адам курмандыктарына жана материалдык зыянга жол бербөө үчүн зарыл экендигин белгиледи министрлик.