Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды. Маалыматты 24.kg басылмасына Судьялар кеңешинен тастыкташты.
Мекеме Б.Т. К. аттуу судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганууга шектелип жатат ( Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси).
Судьялар кеңеши ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн судьяны кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө президентке сунуш киргизди.
Белгилей кетсек, шектүүнүн баш тамгалары Москва райондук сотунун судьясы Бакалбаев Тилек Калмаматовичтин аты-жөнүнө туура келет.