12:20
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров Кыргызстандын сот системасындагы бир катар көйгөйлөрдү белгиледи

Президент Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал сот тутуму бийликтин бир бутагы катары чыныгы жарандык коомду курууда жана улуттук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү орун ээлей турганын белгиледи. Ошондой эле этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоодо эң маанилүү институттарынын бири болуп саналарын айтты.

«Соңку мезгилде мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, сот тармагында бир топ жылыштар, ийгиликтүү иштер жүзөгө ашырылды. Өткөн жылдарга салыштырганда соттор тарабынан актоо актыларынын кабыл алынышы кыйлага көбөйдү жана бул жагдайды судьялардын Конституцияда көрсөтүлгөн көз карандысыздык боюнча ыйгарым укуктарын пайдалануу менен ар кандай тоскоолдуктарга каршы туруп, иштерди кылдат карап, адилеттүү чечим чыгарууга болгон аракети катары белгилесек болот. Албетте, бул жетишкендиктер сиздердин эмгегиңиздердин аркасында ишке ашты», — деди ал.

Президент ошону менен бирге азыркы учурда сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты, сот өндүрүшүнүн мөөнөттөрү, сот тутумунун иши жөнүндө ачык-айкын маалыматтын жетишсиздиги, айрым соттордун канааттандырарлык эмес иши, сот чечимдеринин натыйжасыз аткарылышы, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн зарыл шарттардын жоктугу менен байланышкан бир катар көйгөйлөрдү белгиледи.

«Биздин максат — адилет, ачык, калыс жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү», — деп жыйынтыктады президент.

Эң көп окулган жаңылыктар