16:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Улуттук банк санарип сомдун демоверсиясын жасайт

Кыргызстанда санарип сомдун демоверсиясы жасалат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Улуттук банкка «санарип сом» санарип валютасынын прототибин эксперименталдык режимде (Sandbox) сыноодон өткөрүүгө кызыккан он эки компаниядан сунуштар келип түшкөн. Алар:

  • Axellect;
  • DCM, Ltd.;
  • EMTECH, Inc.;
  • FIS, Inc.;
  • G+D Filia GmbH;
  • Knox Networks, Inc.;
  • MONTRAN;
  • Nahmii, Ltd.;
  • R3 Corda Ltd.;
  • SICPA/Nabatech Inc.;
  • TCS Quartz, Ltd.;
  • Xiamen Strait Chain Technology Co.;

«Компаниялардын жөнөткөн сунуштарын кылдат иликтеп жана баалагандан кийин, Улуттук банк санарип сомдун алгачкы версиясын түзүү, төлөмдөрдү симуляциялоо жана санарип сомду колдонуу менен тар чөйрөдө биринчи тестирлөө иштерин баштоо үчүн ББСВ сунуштоочуну тандайт. Тандоо критерийлери блокчейн платформасынын технологиясын, инновациялык потенциалды, технологиялык ишенимдүүлүктү, сунушталган чечимдердин коопсуздугун, төлөмдөрдүн тездигин жана бардык финансылык инфраструктурага натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камтыйт», — деп билдирди Улуттук банк.

Эң көп окулган жаңылыктар