05:58
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ЖЭБдеги авария. Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизель майын жөнөттү. Бул тууралуу Orda.kz билдирди.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик материалдык резервдер комитетинен билдиришкендей, күйүүчү май президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюуда Кыргызстанга колдоо катары жөнөтүлгөн.

Миң тонна дизелдик отундун биринчи партиясы жөнөтүлдү, ал Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылат.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук борборунда авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Борбор калаадагы мектеп жана бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлгөн. Бишкекте жылуулук жана ысык суу толугу менен 7-февралда бериле баштаган. 9-февралда республикалык штаб объекттеги авариянын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар