06:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкек ЖЭБдеги турбиналык цехте авария болуп, 2 электрослесарь жеңил күйүк алды

Бишкек ЖЭБдеги турбиналык цехте авария болуп, 2 электрослесарь жеңил күйүк алды. Маалыматты 24.kg агенттигине «Электрдик станциялар» ААКсы тастыктады.

Ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын айтымында, трубиналардын бири убактылуу өчүп калган. Учурда кемчиликтер оңдолуп, жабдык ишке киргизилди. Авариянын себептерин атайын комиссия иликтеп чыгат.

Маалыматка караганда, жабыркаган 2 кызматкер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Алардын абалы канааттандыраарлык.

Эң көп окулган жаңылыктар