18:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

11 журналисттин кармалышы. Сот адилеттигин талап кылам — Замирбек Базарбеков

«Мен бардык судьялардан камактагы 11 журналист жана блогерлердин ишин адилеттүү кароону талап кылам», — деди Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков маалымат жыйынында.

Анын айтымында, эгерде мыйзам бузуулар болбосо, анда 11 журналист жакын арада акталып чыгат.

Замирбек Базарбеков соттор актоо өкүмүн чыгарган иштерге да токтолду.

«Жыл ичинде 200дөн ашык адам сот тарабынан акталды, бул биздин практикада биринчи жолу болуп жатат. Адилеттүүлүк бул жарандар тарапта болду, көбү мурунку жумушуна кайра орношту», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар