21:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Байтик айылынан баштала турган 14 чакырымдык велосипед жолу курулат

Бишкектин түштүгүндөгү тоолорго узундугу 14 чакырымдан ашкан велосипед жолу курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, жол Байтик айылынан Baytik mountain resort курортуна чейин болот.

Велосипед жолу курула турган унаа жолунун 6 чакырымы асфальтталып, 350 метрине кайрадан асфальт төшөлөт.

Ошондой эле Ала-Арча дарясына эки көпүрө курулат, бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерге салынат. Ал жерде дагы велосипед үчүн тилке каралган.

Долбоорго унаа жана велосипед токтотуучу жайлар да кирет. Фонддун заказы боюнча анын «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институту иштеп чыккан. Долбоор макулдашылып, курулуш иштери жазында башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар