14:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Улуттук банк азырынча 10 миң сомдук купюра чыгарбайт

Жакын арада 10 миң сом номиналындагы же башка банкноттор чыгарылбайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Медина Ашыралиева билдирди.

Анын айтымында, жаңы банкноттор планга ылайык этап-этабы менен киргизилип жатат. Циркуляциялык тыйындардын дизайны дагы азырынча өзгөртүлбөйт.

«Жакын арада 5 миң сом номиналындагы жаңы банкноттун киргизилиши күтүлүүдө», — деди Медина Ашыралиева.

Ал ошондой эле тыйындарды чыгаруу наркы алардын номиналынан жогору эмес экенин белгиледи. Ошол эле учурда, жогорку номиналдар жакшыраак коргоо комплексине ээ болгондуктан аларды чыгаруу кымбатыраак.

Эң көп окулган жаңылыктар