20:30
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

26 миңден ашуун жаран Улуу Британияга сезондук жумушка баруу үчүн арыз берген

Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияга сезондук жумушка баруу үчүн арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү.

«Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 миң 735 адам оператор тарабынан биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн. Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана «HopsLaborLtd» оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар