USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин баарын картадан көрүүгө болот

13:09, 09 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Эми Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин бардыгын картадан көрүүгө болот. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, Мамкурулуш санариптештирүү жаатында эки долбоорду ишке ашырды.

«Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сайтынан кайсы курулуш компанияларынын лицензиясы бар экенин көрүүгө болот. Ошондой эле порталда өлкөдө курулуп жаткан 3 миңге жакын имарат көрсөтүлгөн. Алар мыйзамдуу түрдө курулуп жатабы же жокпу ошол жерден билүүгө болот. Карта компьютерде гана көрүнөт, ал азырынча телефондордо жеткиликтүү эмес», — деди Нурдан Орунтаев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика