10:35
USD 87.23
EUR 99.26
RUB 1.05

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер үч күнгө убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 10-февралдан 12-февралга чейин жабык болот. Бул жөнүндө УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрмө пункттар кытай тараптын демилгеси менен КЭРдеги жаз майрамына байланыштуу убактылуу иштебейт.

«Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралдан баштап жанданат», — деп белгиледи Чек ара кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG