09:57
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Эдил Байсалов июнга чейин бардык мугалимдер ноутбук менен камсыз болорун айтты

Кыргызстандын бардык мугалимдери июнь айына чейин ноутбук менен камсыз болушат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусундагы коллегияда билдирди.

«Биз Кытайда болуп, ноутбук чыгарган компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Биз түздөн-түз ал жактан сатып алууга аракет кылабыз», — деди ал.

Эдил Байсалов ар бир мугалим өзүн-өзү өнүктүрүү жана билим алуу максатында ноутбук менен иштөөгө күнүнө 1-2 сааттан убакыт бөлүшү керектигин белгиледи.

«Мугалим окуучудан акылдуу болушу керек, бул талап. Мындан тышкары, мугалимдер беш жылда бир жолу квалификациясын жогорулатуудан өтүшөт. Ошондуктан биз билим берүү тармагында артта калдык. Кийинки беш жылга план бар. Кудай буюрса, беш жылдын ичинде ар бир окуучунун ноутбугу болот, билим берүү тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума